Кыргызстанда 20 миңден ашуун аутист балдар бар, бирок аларды окутуу үчүн атайын бала-бакча, мектептер жок. Дал ушул кемчиликтердин айынан ансыз да элге аралаша албаган аутисттер үйдө камалып калууда.
Билим берүү министрлигинин башкы адиси Салтанат Мамбетованын айтымында, Кыргызстанда атайын аутист балдарга арналган мектептер, бала бакчалар жок. Болгону №34 мектепте эки гана класс ачылып, учурда иштеп жатат.

Аутизм деген эмне?
Аутизм адамдын психикасынын жана нерв системасынын адаттан башкача өрчүшү жана башкалардан кечеңдеп калышы. Айрыкча баланын коммуникациялык жөндөмү жоголуп жана жүрүм-туруму өзгөрөт. Башкача айтканда, ал коомдон четтеп калат.
Кыргызстанда 20 миңден ашуун аутист бар
Азыркы күнгө чейин аутизмдин келип чыгуу себептери так аныктала элек. Дүйнөдөгү окумуштуулардын көбү бул экологиянын бузулушунан улам болуп жатат деп жыйынтык чыгаргандыгын айтат “Бириккен кол” ресурстук борборунун жетекчиси Жылдыз Садыкова. Учурда бул борбордо 183 бала тарбияланууда, ал эми каттоодон өтпөгөн аутисттер миңдеп саналат. КМШ өлкөлөрүндө аутисттердин саны боюнча так статистика жок. Бирок борбордун мүчөлөрүнүн болжолдоосу боюнча, Кыргызстанда 20 миңден ашуун аутист бала бар. Ал эми Autism Speaks фондунун билдиргендигине караганда, дүйнөдө эң аз дегенде ар бир 150 кишинин бирөө аутизм менен жабыркайт.

Негизги белгилери
Көпчүлүк учурларда аутизмди башка оору менен алмаштырып алышып, туура эмес дарылашат. Аутизмдин негизги белгилерин билүү үчүн атайын адистерге кайрылганыбызда төмөндөгүлөрдү айтышат:
1. Эң негизги белгиси — бала коркок болуп, катуу үндөн же бейтааныш кишилерден корко берет. Мындай балдарды жадагалса үйдөгү буюмдардын орун алмашып калуусу да тынчсыздандырат.
2. Алар сүйлөй алышпайт жана атынан атап чакырса да көңүл бурбайт. Себеби алар кайсы үн ага карата багытталгандыгын айырмалай алышпайт.
3. Кадимки балдар ойногон оюндар аны кызыктырбай, башкача оюндар менен алек болушат. Өзү менен өзү ойноп, башкаларга кошулбай калат. Ошондой эле себеби жок күлө беришет.
4. Колдорун жаңсап, бир кыймылды кайра-кайра кайталап турат. Бутунун учу менен басышат.
5. Аутист балдар адамдын көзүнө тике карабайт. Эмоциясын, каалоолорун ачык билдире албагандыктан, кыйкырып ыйлашат.
6. Телевизордон уккан же башка бирөө айткан сөздөрдү кайталай беришет.
7. Буюмдарды айлантууну жакшы көрүп, өзү да бир орунда айланганды адатка айлантышат.
8. Айрым аутисттер бийиктиктен же дагы башка кооптуу нерселерден коркпой калышат.
9. Бизге нормалдуу эле угулган же таптакыр угулбаган үндөр аларга өтө катуу угулат. Ошондуктан, сааттын үнү же кадимки лампочканын үнү да алардын кыжырын келтирет. Үндөрдү укпаш үчүн колдору менен кулагын бекем жаап, тамдын бурчуна отуруп алышат. Ал үндөрдү жоготом деген ой менен катуу кыйкыра беришет.
10. Өтө күчөп кеткенде агрессивдүү болуп, жанындагы адамды чапкылап же өзүнүн денесине жаракат келтире баштайт.

Ата-энелерге кеңеш
Мындай балдары бар ата-энелер аларды элге көрсөтүүдөн уялышат. Коомдук транспортто же көчөдө жүргөндө өтө көп көйгөйлөр чыгат. Себеби, бул балдарды кабыл алууга биздин коом да даяр эместей сезилет.
8 жашар кызы дал ушул дарт менен жабыркаган Айдай Иманкулова “Бириккен кол” уюму ачылгандан бери окутуучунун жардамчысы, ошондой эле өз кызынын тьютору болуп иштейт. Ал оор нерсени башынан өткөргөн адам катары ата-энелерге кеңеш берип өттү:
— Көпчүлүк ата-энелер балдарынын диагнозун укканда эле депрессия болуп, өзүлөрүн таштап коюшат. Айрым учурларда ата-энелер күнөөнү бири-биринен издей берип, үй-бүлөсүн да бузуп алышат. Албетте, муну жеңүү өтө оор, бирок ата-энелер өзүлөрүн тезинен колго алышы керек. Себеби көпкө чейин депрессиядан чыга албаса, өзүлөрүн да, баланы да кыйнап коюшат. Ошондуктан тезинен маселени чечүүнүн жолун издеш керек. Эгер интернетке чыгууга мүмкүнчүлүк болсо, ал жактан окуп, бул эмне экендигин билип алышсын. Тилекке каршы, атайын адистер жок болуп келет. Биздин борборго келишсе, биз аларга кайда баруу керектиги тууралуу, бала менен кантип иштөө керектигин үйрөтөбүз. Эң негизгиси — бала менен үзгүлтүксүз иштеш керек. Ал кантип колун жууп жатат, кантип тамак жеп жаткандыгынан бери көзөмөлгө алыш керек. Мындан сырткары, кээде туугандар баланчанын баласы беш жашында эле сүйлөгөн деп баланы кеч алып келүүсүнө себепчи болушат. Канчалык эрте байкап, эрте киришсе жакшы болот. Бала өскөн сайын чыры күчөп, аны менен иштөө оорлойт. Көптөгөн ата-энелер балдарды үйгө камашат, бул туура эмес. Ансыз деле коомго аралаша албаган бала ого бетер коомдон алыстап калат.

Аутист балдарды үй шартында кантип тарбиялоо керек?
Кыргызстанда аутизм боюнча атайын адистер жетишсиз болуп, мектеп, бала-бакчалары жок болгондуктан, демейде аларга туура диагноз коюлбайт дагы, аларды акыл-эси кем балдар менен аралаштырып окута беришет. Бардык эле ата-эне атайын борборлорго барып, балдарын окута алышпайт. Ошондуктан үй шартында баланы кантип үйрөтүү керек?
1. Балага анализ жасап чыгуу менен эмнеден улам чырдап, жини келип жаткандыгын билүү зарыл. Ага эмне жагат жана эмне жакпайт экендигин так билиш керек.
2. Эң жөнөкөй нерселерди үйрөтүүдөн баштаңыз. Мисалы, колун өз алдынча жууганга үйрөтүү үчүн, алгач жуунуучу бөлмөнүн эшигин ачып кирип, крандагы сууну ачканды үйрөтүүдөн башташ керек. Эгер бала эшикти өзү ачып, крандагы сууну агызганды үйрөнгөндө гана колуна самын карматып, колун жууганды үйрөтөбүз. Бала алгачкы баскычтарды үйрөнө электе эле кийинкисине өтүүгө болбойт. Баарын дароо үйрөтөм десеңиз, эч кандай жыйынтык чыкпай калышы мүмкүн.
3. Берген тапшырманы жасагысы келбей турса, кыйнабай, бир аз алаксытып, анан тапшырманын кайсы бир бөлүгүн гана аткарганга жардам бериңиз.
4. Аны бардык эле балдардай жакшы көрүп жана өтө этияттык менен мамиле жасаңыз. Аутисттерди тарбиялоодо ашыкча эмоциянын кереги жок. Себеби алар ашыкча эркелетүүнү, кучактоону жактырбайт. Сиздин бир эле туура эмес кыймылыңызды же мамилеңизди ал өтө оор кабыл алышы мүмкүн.
5. Нерселерди таанып билүү үчүн бир эле алманы ар кайсы жерге коюп, “алманы алып бер” деп кайра-кайра сураганда, бала алманы сизге жаңылбай алып бериш керек. Мына ушундай ыкма менен алманы башка жер-жемиштерден айырмалап тааныганга аракет кылат.
6. Эгер бала бир орунда тура албаса, аны бурчка отургузуп, алдына үстөлдү такай коюп туруп окутууга болот.
7. Эгер бала сүйлөй албаса, ага эмне жагарын билиш керек. Мисалы, ал ширени жакшы көрсө, аны көргөзүп туруп “шире” деп кайра-кайра кайталаңыз. Ал ошол сөздү бир жолу айтканда бир гана уурттам шире бериш керек. Себеби ал канча көп кайталаса, ошончо көп шире ичерин түшүнүш керек.
8. Ар бир жасаган иши үчүн мактап турган оң. Анан бала үйрөнгөн нерсесин үч башка жерден, үч башка адамга туура так көргөзүп бергенде гана аны толук кандуу өздөштүрдү десе болот.

Жылдыз Садыкова, “Бириккен кол” ресурстук борборунун жетекчиси: “Аутизмди айыктырып жок кылып коюуга мүмкүн эмес”
— Аутизмди айыктыруучу медицинада бир да дары-дармек жок. Ошондуктан бул нерсени дарылап жок кылууга болбойт, бул өмүр бою кошо жүрөт. Болгону аутисттерди коомго аралаштырып, адаптация болгонго, алардын кадимки балдардын катарына кошулуусуна жардам бериш керек. Мындан сырткары азыр коомубузда ушул нерседен пайдаланып, калп айтып акча тапкандар жок эмес. Айрымдар “молдого алып бар” же “бир дары бар, эки жолу эле жүлүнгө сайдырып койсоң, балаң куландан соо болуп калат” дегендер да бар. Аларга ишенбегиле дейт элем.

Генийлердин көбү аутисттерден чыгат
Улуу окумуштуу Эйнштейн жети жашка чейин бир эле сүйлөмдү кайталай бергендиктен, курдаштары аны кем акыл деп бөлүп салышкан. Ал эми Ньютон чоңойгонго чейин эле сөздөрдү жакшы айта албай, жалгыздыкты жактырган. Бирок аларды жасаган иши аркылуу бүт дүйнө тааныйт. Балким биз да аутист балдарга жакшы көңүл буруп, ооруга эрте каршылык көргөзүп жана алар менен тынымсыз иштеп, эрктүү болсок, алардан да генийлер чыгышы толук мүмкүн.

Ссылка: http://pk.kg/?q=node%2F619