Биз бул центрге май айынан келе баштадык. Башындагы биринчи жумасында ата- энелерди теориялык сабакты окутканда мен өзүмө көп нерселерди үйрөндүм. Эгерде мурда оюнчуктарга көп маани бербесем, азыр үйдө кыздарыма акыл- эсти өнүктүрүүчү оюнчукта менен ойноого өттүм. Кызымдын бир топ өзгөргөнүн өзүмө дагы, үйдөгүлөргө дагы байкалды.

Баарынан мага жакканы, ар бир балага өзүнчө программа түзүлүп, ошол менен иштегенибиз жакты. Мурда эмнеден башташ керек, кайда барыш керек, эмне кылыш керек деген суроолор мени аябай ойго салчу. Азыр менде чоң үмүт пайда болду. Бизге окшогон балдардын ата- энесине чоң үмүттөрдү жараткан, жол ачып берген ушул борбордун негиздөөчүлөрүнө, тераписттерге чоң ыраазычылыгмды айтам. Айрыкча Нургизага, Раяга, Вахидке, Гуляга, Иринага чоң рахмат. Сиздердин жардамыңыздар менен кызым сүйлөп баштады. Келечекте мында дагы чоң борборлорду ачып, биздей ата- энелерге жол көрсөтүп жүрө бериңиздер.

Нуриза, мама Камилы